Руханий тарбия!

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 31 бер 2023
  • • Окуучулардын жан дүйнөсүн кантип байытсак болот?
    • Балдарга диний тарбия берүүдө кандай ыкма колдонуу керек?
    • Баланын жөндөмүндөгү жок нерсени талап кылуу туурабы?
    • Z муунунун өкүлдөрүнө ата-эне же мугалим кандай мамиле кылуу керек?
    • Эфирди көрүп аткан ата-энелер педагогикалык билимди кайдан алышса болот?
    • Эмне үчүн учурда мугалимдерге карата сый урмат кетти?
    • Бала тарбиясы боюнча же балдарды китепке кызыктыруу боюнча кайсыл булактарды сунуштайсыз?
    • Кандай ыкма менен балдарыбызга динди тааныта алабыз?
    • Сиздердин мектебиңиздерде Куран үйрөтүү кружоктору барбы?
    • Комфорт жашоо балдарга терс таасирин тийгизеби?
    • Тарбияда негизги ролду ойногон энелерге 40 жылдык мугалим катары кандай кеңеш бересиз?
    • Кайнене келин көйгөйү коомубузда көп кездешет. Мындай көйгөйлүү үйдөгү бала тарбиясына кандай ыкманы сунуштайсыз?

КОМЕНТАРІ • 58

  • @janaraajieva9613
    @janaraajieva9613 Рік тому +37

    Мен апам (кайненем) менин жасаганымды жактырбай коп жанжал салат. Кол которгонго чейин барды, унчукпай чыдадым, мени атам согунбогон то есть уйдо бир да адамды тилдеп согунбогон адам, бирок, кайненем мени урушкан сайын ото жаман создор тилдеп, соккон учурлары коп болду. Ал бироо урушуп кетсе катышпай калса, мени да ал адам менен суйлошпо дейт, балам балдары менен ойносо аны дагы ойноттурбайт. Апа туура айтат кайнене айтып койсо созу эч нерсе болбойт угуш керек деп бирок, келинин кун катары коруп, кун корсотпой каалагандай кылган энелерге деле жакшылап сабак берип койсонуздар болмок.😢Канча келиндер кор болуп унчукпай чыдап жашаган менен акыры журуп оорулуу болуп же, озун озу жанын кыйганга чейин барышат.

    • @balanyonukturuu
      @balanyonukturuu Рік тому +2

      Начар адамдар көп да сиңдим,өкүнүчтүүсү көп экен сиз айткандай кайненелер. Бөлүнүп эле кутулбасаңар. Ал адатын калтырбайт,же катуу сыноо башына түшсө өзүнө келиши мүмкүн. Менин кайненем расвтылык мисалы өтө жакшы киши болгон,бир дагы ай келин деген эмес,кызым деп сүйлөчү,ишенсеңиз өзүмдүн апаман да көбүрөөк жакшы көрүп,жакын болчумун😢 айыкпас дарт менен ооруп,тез өтүп кетти. Бейиштик болсун 😢

  • @ummismail4714
    @ummismail4714 Рік тому +16

    Аллохума барик !❤️ма ша Аллах эже ,менда озумду тарбиялап ,балдарымды туура динде тарбиялаганга,Кур’ан менен суннот менен жашаганга ,аракет кылам .Ин шаа Аллах сиздей ыймандуу грамотный Салиха апаларыбыз кобойсо аалам онолот.

  • @user-mk7ne8sg9u
    @user-mk7ne8sg9u Рік тому +20

    Мага абдан жакты. Дин менен илим- билимди айкалыштыра билген мыкты педагог экен.

  • @user-ip9up1jk4v
    @user-ip9up1jk4v Рік тому +6

    Жакшы тарбия жаатында дин жаатында кенеш бериптир ушундай адамдарыбыз коп болсун

  • @user-mt4hg1ve8m
    @user-mt4hg1ve8m Рік тому +13

    Туура, азыр мектептен тарбияны талап кылган ата - энелер бар.
    Ар бир ата-апа билим алып издениши керек .

  • @aitolkunnukeeva8443
    @aitolkunnukeeva8443 5 днів тому

    Кыргыз элимде сиздей эл агартуучу татыктуу апалар коп болсо экен ,билиминизге таазим ,ар бир созунуздооругуздо терен тарбия бар экен ❤

  • @user-nb3qp1tw8k
    @user-nb3qp1tw8k Рік тому +6

    ОО Жараткан Мееримдуу Райымдуу Аллахым!!! элибиз келечек муун балдарыбыз дили ыйманга тилибиз зикирде берекелуу жашайлы 🇰🇬🤲🤲🤲🤲

  • @user-mk7ne8sg9u
    @user-mk7ne8sg9u Рік тому +5

    Эже туура айтат,ата- эне озулору улгу болуш керек. Динге кыйнап алып келе албайт эч кимди. Журоко киргенде гана баары болот.

  • @user-ej6lp3eq9r
    @user-ej6lp3eq9r Рік тому +7

    МаашаАллах, сиздин мектепте иштоо мага да насип этсин, мыкты инсан экенсиз. Омурунунузго береке

  • @user-zk4uj5gx5e
    @user-zk4uj5gx5e Рік тому +5

    Аллах ыраазы болсун! Өмүрүңүзгө береке, эжекем! Мен сизге суктандым!

  • @user-xh2df7ip7n
    @user-xh2df7ip7n Рік тому +5

    Эң сонун маек болуптур.Бул каналды сүйүп угам турган болдук..Сиздерге баракелде дейм. Тарбия жаатында мыкты маектер уюштурасыздар.

  • @user-th9bf2ml4m
    @user-th9bf2ml4m Рік тому +5

    Эн туура айтасыз. Аллахым узун омур берсин сизге⚘️⚘️ Мансур байке сизден да Аллах раазы болсун.

  • @user-nd6bl6rh4w
    @user-nd6bl6rh4w Рік тому +4

    Маашаллах.Аллах ыраазы болсун.

  • @user-xz7lf1uu8q
    @user-xz7lf1uu8q Рік тому +3

    Кандай керемет суйлойсуз, өткөндө Кантка дааватка келгенде баяндан сизди уктум эле.Аллах сизден ыраазы болсун

  • @user-gj3nb1hi1h
    @user-gj3nb1hi1h Рік тому +4

    Нурила апа аман болуңуз! Ден соолук каалайбыз!

  • @user-nb3qp1tw8k
    @user-nb3qp1tw8k Рік тому +4

    Алла ыразы болсун ! кайра кайра уктум салт санабызга ыйманга бекем жашайлы

  • @gulzira8709
    @gulzira8709 Рік тому +3

    Аллах пайдалуу илим билим берсин баарыбызга, жугумдуу, берекелүү болсун

  • @user-ke4xp3im8u
    @user-ke4xp3im8u Рік тому +4

    Нурлан,Сиздин тарбияңызда
    өскөн балдар,жаштарга өрнөк болот!Ден-соолук,ишибизге
    ийгилик,АЛЛАХ ЫРААЗЫ БОЛСУН!

  • @user-gf4sb4hd7o
    @user-gf4sb4hd7o 18 днів тому

    Ушундай мугалимдер коп болун

  • @user-ko4jn9rx4q
    @user-ko4jn9rx4q Рік тому +2

    Омурунуз узун бактылукту АЛЛАхыбыз насип кылсын

  • @HazBalltaeva
    @HazBalltaeva 5 днів тому

    Сизге рахмат менин оюмча кыргыз элинин маданияты салт санаасы урп адаты улууну сыйлоо кичинук ызатто деген коптогон тартип таалим менен тарбиялашыбыз керек

  • @SazhiraSubanalykyzy-mn5lt
    @SazhiraSubanalykyzy-mn5lt 2 дні тому

    МашАллах

  • @user-ul9gz2nj4j
    @user-ul9gz2nj4j Рік тому +5

    Ма шаа Аллах 🇰🇬🧕 Өзгөн(1)

  • @aishatoktomatova3097
    @aishatoktomatova3097 Рік тому +3

    МаашаАллах
    Аллах ыраазы болсун.

  • @user-zq7wx7ng7e
    @user-zq7wx7ng7e Рік тому +2

    Аллах ыраазы болсун

  • @user-qi4yo5bs4p
    @user-qi4yo5bs4p Рік тому

    Маш Алла,, сонун, эжеке ишинизге ийгилик, жонокой тил мн тушундурдунуз, рахмат

  • @user-pe3hx7lc4j
    @user-pe3hx7lc4j 9 місяців тому

    Маа шаа АЛЛАХ 👍.
    АЛЛАХ ыраазы болсун баарыбыздан. 🤲

  • @user-kz4mt1di4j
    @user-kz4mt1di4j 4 місяці тому

    Токтоо ушундай сонун апалар кобуроок болсун!

  • @BaktygulKadyrova-rq4ol
    @BaktygulKadyrova-rq4ol 3 місяці тому

    МааШааАллах 😍 Аллахым ыраазы болсун ишиңизге ийгилик каалайм 🎉

  • @peplperl8810
    @peplperl8810 Рік тому

    Абдан сонун кеңешиңизди берипсиз.Өмүрүңүзгө береке

  • @burmacherikbaeva7704
    @burmacherikbaeva7704 10 місяців тому

    Аллах сизге ден-соолук берсин, сизден көп үлгү алдым.Аллах ыраазы болсун!!!

  • @gulzira8709
    @gulzira8709 Рік тому +2

    Ма шаа Аллах

  • @user-or7ql6wn8t
    @user-or7ql6wn8t Рік тому +1

    Гапыр Агай биз жакада келсинчи дордой келечекке

  • @simple.kg_3127
    @simple.kg_3127 Рік тому +2

    Маша Аллах, туура айтасыз

  • @aigerimozkorbekova9267
    @aigerimozkorbekova9267 Рік тому

    Маа шаа Аллах 😊Кандай суйкумдуу,онуккон ЭНЕ🫶🏻

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 Рік тому +3

    Куранды жаттабаш керек,Куранга амал кылуу керек,Куран эскертуучу китеп Ыймансыз болсонор жазалаймын Худтун Элин Нухтун элин жазалагандай деген маани болот,Аны наизусть жатташтын кереги жок,Окуп амал кылуу керек,

  • @user-xp2qj4bp4z
    @user-xp2qj4bp4z 3 місяці тому

    Апа ото туура суйлойт экен

  • @tolgonaimoon5662
    @tolgonaimoon5662 Рік тому

    Адилеттуу Кайнене аябай аз болуш керек . 100 % дан 1%эле

  • @user-hz5jf8lm9t
    @user-hz5jf8lm9t Рік тому +5

    Я ваша новая подписчица...надеюсь хороший канал...спасибо..

  • @user-lu5gc7vp9k
    @user-lu5gc7vp9k Рік тому +3

    Ассалому алейкум.Мектебинер каерде?

  • @user-mv8ut9ni8z
    @user-mv8ut9ni8z Рік тому

    Сиздин каналга ийгилик

  • @user-du2hq8mo1f
    @user-du2hq8mo1f Рік тому

    👍👍👍👍

  • @sezim167
    @sezim167 Рік тому

    😘😘😘

  • @user-eb1cf7hh5h
    @user-eb1cf7hh5h Рік тому

    Ассаламу алайкум.мектебинер кайда жайгашкан Бишкектеби

  • @user-ii3tf2oo4l
    @user-ii3tf2oo4l 10 місяців тому

    Кылгабыла болуп калыптыр бааашкы бетиндеги темасы 40жылдык тажрыйбасы бар мугалимге ката темасы жазылса куник корунот экен

  • @user-rt6nq1sz6n
    @user-rt6nq1sz6n Рік тому

    Менин балам кыргыз мектепте окуйт ,бирок орусча жакшы окуйт

  • @user-cg8ky6zl6b
    @user-cg8ky6zl6b Рік тому

    Ассалому алейкум эже суйлогон унунуз
    Октом Абдивалиеванын
    Унунуз окшош экен бир туулган эмесизби.?

  • @venera71
    @venera71 Рік тому

    Кандай тушунсо болот кыргыз мектеп жок болчу деп жатат башында

  • @peplperl8810
    @peplperl8810 Рік тому

    Бирок,айтарым тарбиялап жаткан балаңа кайната-кайнене кошо кирише берсе эмне кылыш кк.Балаңды ур катуурак карма деп,кошо кол көтөргөн учурлар болот балага.Андай чоң ата-чоң энелерге кандай кеңешиңизди бересиз.?

  • @balanyonukturuu
    @balanyonukturuu Рік тому

    Баланы биз жок дегенде 8 айынан өнүктүрө баштайлы,сегиз айынан баланын өнүгүү нормасын интернеттен карагыла,туура өнүгүп жатабы,физикалык,психикалык жактан байкап тургула урматтуу ата-энелер. Төрөп коюп эле,курсагы тойсо болду эмес,кийими бүтүн болсо болду эмес. Майда жана жалпы моторика деген бар, манжаларынын кыймылдашы,дене-боюнун кыймылынын туура өсүшү,туура өнүгүшүнө маани берели. Бул чоң тема,изилдегиле.

  • @cyfjcjvjcfjchjhdudh4768
    @cyfjcjvjcfjchjhdudh4768 Рік тому +2

    Мугалимдер (катуу айтсам кечирестер)балдарыбызга ,,жакшы соз жыланды ийинден чыгарат ,,дейт кайдыгер мамилеле кылышат .баары эле эмес70,80%,урушуп ,уруп эмес балдарга ЖАКШЫ СОЗ менен тарбиялашса

    • @user-sm9yi8sb6q
      @user-sm9yi8sb6q Рік тому

      Саламатсызбы мугалимдер балага өз баласынан артык сылап сыйпап мамиле жасашат айрыкча азыркы мезгилде биз баштагы мугалимдер урушуп уруп эле тарбиялашкан андан ошол балдар кемип кеткен жери жок бир жакшынакай болуп эле окуп бүтүшкөн ата - эне мектепке балдарыбызды жоготкондо мугалимдин сөзүн ук ал эмне десе аткар деп аны сыйла бир да сөзүн калтырбай ук дешибиз керек мугалим билим берип ата - эне балдарыбызды тарбияласак коомго жакшынакай балдар өсүп чоңоёт үйдөн ар бир тапшырмасына көңүл бөлүп аткаруусуна комоктошубуз керек төртүнчү класска чейин үйдөн багыт берип койсок андан ары өз алдынча болуп алып кетет

    • @balanyonukturuu
      @balanyonukturuu Рік тому +1

      ​@@user-sm9yi8sb6q мугалимдер, Совет маалында көбү өтө аша чаап кеткен. Психологияны такыр үйрөнүшкөн эмесго дейм. Апам айтып берсе шок болом. Указка менен колун канжалата чапкан экен мисалы сулуу жаз деп апамды,или кемсинтчи экен кедей-кембагал,ичкен адамдардын балдарын дайым артка тартчу экен,шок болосуң. Нарында,Мин-Кушта окуган экен. Психикасын өлтүргөн балдардын. Мына 50 жыл өтсө да көзүнө жаш алып эстейт. Азыр туура билим алып жатышат. Уруштун чеги болот.

    • @balanyonukturuu
      @balanyonukturuu Рік тому +1

      Туура айтасыз,бирок азыр менин оюмча жакшырып калды мугалимдер. Мурун өтө начар,адамгерчилик жок мугалим көп болгон экен,Совет маалында. Ал эмес мен өзүм окуп жүргөндө,бирок ошол мугалимдер да Совет маалынын мугалимдери берчү да бизге,кадимкидей балдарды,жакшы окуй албагандарды, колунда жокторду кемсинтүшчү. -Кебетесин кара,шөлдүрөгөн. Же -Дөөдүр деген сыяктуу сөздөр,сөздөр эмеспи баланы жок кылган. Балдарыбызды тизелетип, жерге башын тийгизип,ар бирин көчүккө тээп чыкчу мисалы,агай.Алар жерди сүзүп,полду. Ошол жакшы нерсе эмесда. Ал маалда маани берчү эмесмин. Кийин мугалимдикке окудум,психологияны окудук аябай,өтө туура эмес мамиле кылынат экенда. Ал эми өзүм балалуу болгондо,ойлондум,кимдин акысы бар менин баламды тепкенге деп. Же кемсинткенге 😢Аллах сактасын андай учурга кездеше элекпиз,балам 3-класс. Бирок мен жол бербейм,аны менен бирге балдарымды мугалимди угууга,урматтоого тарбиялайм.

  • @user-bs7mx3im6z
    @user-bs7mx3im6z Рік тому +1

    Кайсы жеке мектепте иштейт экен эже?