Нуриза Өмүрбаева | Жалгыздыктын ыйы экенин сезбеген | поэзия

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 4 жов 2024
  • Жалгыздыктын ыйы экенин сезбеген,
    жамгыр келип тереземе урунат.
    Көңүл муңун көкүрөктү ээлеген,
    айткым келди... Айтып берсем ким угат?
    Эч ким укпайт, жашоо жолу өзгөрүп,
    кетет экен жандап жүргөн адамдар.
    Өлгөндөрүн өкүнүчтө эскерип,
    тирүүлөрүн унутасың, аз-аздан.
    Калат анан катарыңды толуктап,
    анда-санда жүз көрүшкөн тааныштар.
    Атак, байлык, бакыт издеп оолуккан,
    адамдардын ортосунда жарыш бар.
    Ал жарышта арып-азып тепселип,
    көрүнгөнгө бута болот көңүлүң.
    Отко-сууга боюңду урат экенсиң,
    ой-мүдөөсүн билбей туруп көбүнүн.
    Келбесе да, кээ бирөөгө дос болгуң,
    кас болбоюн деп турасың, тайсалдап.
    Карайлайсың, арасында оттордун,
    калпты калп деп, чынды чын деп айталбай.
    Жакыныңдай күйүп келип кай бири,
    жат кишидей көңүлүңдү кирдетет.
    Чын жүрөктөн абал сурап кайрылып,
    чын жүрөктөн бүгүн мага ким келет?
    Чын жүрөктөн өзүм кимге барамын?
    Нуриза Өмүрбаева.

КОМЕНТАРІ • 9