Өмүрүн динге арнаган аалым ИМАМ БУХАРИЙ
Вставка
- Опубліковано 22 лис 2019
- Мухаммед 810-жылы Бухарада төрөлдү. Атасы Исмаил өтө такыбаа, диндар киши эле. Ал Бухари жаш кезинде эле көз жумду. Бухара шаарында аалымдар көп болчу. Исмаил дагы илимдүү аалымдардан болгондуктан, китептери көп эле. Китептер уулуна калды. Апасы да диндар аял эле. Бухарий алгачкы сабактарын Бухарадан алды. Ал 15 жашка чыга элек туруп 70 000 хадисти жатка жаттап алат. Илимде ушунчалык тереңдеген Бухарий ошол кездеги чоң аалымдар менен илимий тартышууга кире турган даражага жетет. Фикх илиминде да өтө күчтүү адис катары жетишет. 16 жашка келгенде Апасы жана бир тууганы менен Хажга жолго чыгышты. Узун жана оор сапардан кийин Меккеге барышат. Меккеде ажылык милдетин аткарган соң Бухарий апасынын жанына барат. Көзүндө жаш жүрөгүндө болсо чоң мүдөө. Апасына карап мындай дейт: “Апаке! Сураныч, мени алып кетпе, мени бул жака таштап кет. Илимимди бул жакта улантайын.” Чынында Бухариден башка жесир апасына жана инисине карай турган эч ким жок эле. Апасы уулунан алыстоону канчалык каалабаса да, келечек үчүн, дин үчүн “Макул балам!”-дейт. Натыйжада апасы менен иниси Бухарага кайтып кетишет. Ошол бойдон апа бала эч качан бири-бирин көргөн эмес. Көрсө улуу, чоң максаттар үчүн жанга жакын болгон нерселер курмандыка чалынышы керек.
Имам Бухарий болсо Меккеде калып илим ала баштайт.
Бир күнү мугалими Исаб бин Равиййанын: “Кана эми бирөө чыгып Пайгамбарыбыз САВдын сөздөрүн, сүннөтүн бүт баары түшүнө турган кылып, жөнөкөй кылып жазса”-деген сөздөрүн угуп калат. Ал кезде 16 жашта болчу. Ошол күндөн баштап бул улуу милдетке мен кызматчы болоюн деп ниет кыла баштайт. Ушул китепти жазып мен атак даңктын, абройдун ээси болоюн деген ниетте эмес, тескерисинче бул иштин аткарылышына мен себепчи болоюн дейт. Кантсем ошол эмгектин жазылышына себепчи болом-деген ой менен түнү күнү алек болот. Ошентип жүрүп бир күнү түшүндө Пайгамбарыбыз САВды көрөт. Чынында адам күндүзү эмнени көп ойлонсо, эмне менен көп алек болсо түндөсү ошол нерсе түшүнө кирет. Түш бул-күндүзгү жашооуздун күзгүсү. Түшүндө Пайгамбарыбыз САВ чөлдө олтурган эле. Имам Бухарий болсо кол чатыр менен Пайгамбарыбыз САВга көлөкө кылып турду. Анын бул кылганына Пайгамбарыбыз САВ ыраазы болуп турду. Бул түштү устазына айтат. Устазы болсо: “Демек Пайгамбарыбыз САВдын сөздөрүн, сүннөтүн чогултуу кызматы сага ыйгарылды”-деп жоруйт. Ошол күднөн баштап Имам Бухарий китебин жаза баштайт.
Ал Багдат, Басра, Белх, Дамаск, Хумус, Куфа, Мадина, Мысыр, Нишабур сыяктуу жерлерге бир нече жолу барып ал жердеги эң атактуу 1000ден ашуун аалымдардан хадис жана башка илимдерди үйрөнөт. Башкалары уккан хадисин жазып аткан кезде ал жазчу эмес. Себеби Аллах ага бир укканын жаттап алчу жөндөм берген болчу.
Бухарий Египеттен Орто Азияга чейинки аралыкта сабак берип жүрүп олтуруп өтө көп аалымдарды тарбиялап чыгарды. Алардын арасында-Тирмизий, Имам Муслим, Абу Дауд, Несаи, Абу Зура, Муслим бин Хажжаж сыяктуу атактуу аалымдар бар болчу.
Миңдеген шакирттерди жетиштирген соң, Нишабурга андан кийин да Бухарага келди. Бухарлыктар аны кубануу менен, шаан-шөкөт менен тосуп алышты. Бухарада медресе куруп, илимге болгон кызматын уланта баштайт. Бир күнү Бухаранын мэри Абул Хайсам Бухарийге киши жөнөтүп “Мага келип жеке сабак берсин, башка эч ким ал сабака катышпасын”-дейт. Бухарий өмүрү саясаттагы, бийликтеги адамга барган эмес болчу. Эч качан бир бай, бий болгон адамдын алдында баш ийген эмес болчу. Натыйжада ал мэрдин бул сунушуна макул болбой коёт. “Мэр сабак алгысы келсе илимге ызат көрсөтүп, мечитке келип, эл менен бирге олтуруп, сабак алсын”-деп жооп берет. Муну уккан мэр жөн калбастан дагы киши жөнөтүп:”Балдарыма келип жекече дарс берсин”-деп айттырат. Бухарий буга да макул болбой коет. Натыйжада мэр менен Бухарийдин ортосуна чок түшөт. Бухарий Бухарадан кетүүгө мажбур болот. Мэрдин кылган кылыгына ичинен нааразы болот. Көп өтпөй вали кызматтан алынып, зынданга салынат. Бухарий болсо Самаркандка карай жол тартат. Самаркант элинин бир бөлүгү Бухарийдин келүүсүн каалабай аткандыгын уккан кезде Самаркантка баруудан баш тартат. Харкент шаарчасында туугандарынын үйүндө туруп калат. Адамдардын мындай мамилесине көңүлү ооруду. Бир түнү тахажжуд намазынан кийин “Йа Рабби! Ушундай кенен дүйнө мага тар келди, мени өзүң тарапка ал”-деп дуа кылат. Көп өтпөй ооруга чалдыгат. 870-жылы Самарканддан 72 км алыстыкта жайгашкан Харкент шаарчасында Рамазан майрамы күнү түндөсү көз жумат.
ОО МЕНИН МОМУН МУСУЛМАН БИР ТУУГАНДАРЫМ СИЗДЕР МЕНЕН БЕЙИШТЕ ЖОЛУГУУНУ АЛЛАХЫМ НАСИП КЫЛСЫН🤲
Амиин
Amiin
Майли 😁
Амийн мусулман бир тууганым
Амин кудайым тилегини орундатсын амин баарыбызга
МУНУ Угуп абдан ыйладым өтө таасирдүү экен Имам Бухарийге Аллахым ыраазы болсун оомин
Эн сонун канал бир еле лайк барда кооп баасуу мумкунчулук болгондон мин жолу басат елем ушул каналга
@Насаат медиа Аалымдар Уа лейкум салам уа рахматуллохи уа баракатух
Альхамдулиллах Аллаха чексиз шугурлор жана сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед салалоху алейхи уа саламга салават жана саламдар болсун
Макул видионорду калтырбай коробуз дин жонундо кобуроок жана ПАЙГАМБАР Мухаммад салалоху алейху уа салам жонундо омур баяндарын чыгаргыла сураныч Пайгамбардын омур баяндары адам баласы учун ен жакщы Жана туура жашоого уйротот
@@user-sf2hn7we2s Ассаламу алайкум тууган эн туура айттынар
Бойдок отту демек ыйманы кучтуу экен негизи бойдок кезде ыйман жолунда журуш өтө кыйын болот
Мен Дааватчы болгум келет анткени Аллах Таалам Дааватчыны ото жакшы корот жана кыямат куну елдер кыйналып кысталып жатканда Озунун Рахмат Колокосунон Дааватчыларга орун берет , жана Пайгамбарыбыз С.А.В да жакшы корот Дааватчылырды Адам баласы жакшы муноздуу жана кечиримдуу жана берешен болуш керек, ичкилик заттан алыс болуу ото зарыл Ата Енеге ырайым менен кун сайын кароо жана жумшак мамиле жасоо
Аллах нииетиза жеткирсин Мен ида холойим роббим Бут Элима насибб эт иншааллох
Даавата журуп жуккан чан тозок оту менен бирикпейт
⭐"Ар бир хадис жазарда гусул даарат алып 2 рекет намаз окуп " ⭐МАШААЛЛА. ......⭐👍
Жүрөктөн айтылган жүрөккө жетет демекчи
Жүрөккө жееттиго
Көзгө жаш келет...
Аллах ыраазы болсун...
Аллахым Бизге да ушундай Имам Бухари Такыба балдарды бере кор .🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏
Сахих Бухарий .бейиштин торуно фирдауста жайалып жашасаэкен жараткан Аллаахым кааласа амиин
Бейиш Нуру каналына чоң чоң рахмат
Ушул видеолорду чыгарып жаткан адамга Аллах ыраазы болсун.
Еске туту сезийми сонун екен бийзге да насийп кылсын амйин,,🤲🤲🤲🤲🕋🕋🕋🕋🤲
4 Масхабдын имдары туралу дагы видео чыгарсаныз жакшы болот эле
Ютуб каналында Бейиш нурундай каналды корбодум ото сонун
ечнерсе королек екенсин анда сен ютубда
Ассалом алейкум бейиш нуру каналын көп мактабагыла, кимди жок кылышың керек болсо көп макта дейт көз тийбесин ишиңерге ийгилик бейиш нуру
Маа шаа Аллах
Салам ишинизге ийгилик жакшы канал анан Лейлектик 5 аталар жонундо до чыгарып койунузчу алар бай манап бий болсода дин жолунда аябай зор иштерди жасагандыгы жонундо ошондон кийин Кыргызстандыктарга меккеде жатакана тамак аш бекер болуп келет деп угам
Уккан сайын уккун келет.
Маша АЛЛАХ!!АЛЛАХ сизден ыразы болсун!!!.
Барокаллох 2
Эх көзүмө жаш келди чындыгында алах ыраазы болсун сизден
😢! Аллах улук! Ушул видеону кылган/комоктощ болгондорго, Алла ыраазы болсун!
Ото жакшы маалыматтар экен!👍😊
Ушундай сонун керемет китепти таштаганына шугур биз учун
Маладец таксыр коп чыгар ылайым маселени
Аллах ыраазы болсун бизге пайгамбарыбыз Мухаммад (сав)дын хадистерин жеткизген имам Бухарийден
Аллахыбыза чексиз шугурлор болсун .❤❤🧕❤🤲
Роза Сейдеманова 👍
Оо ырайымдуу мээримдуу жараткан АЛЛАХЫМ биздин билип билбей кылган кечирилгиз кунолорубузду кечир .Журогубузду ыйманга толтура кор .Дуаларыбызды кабыл кыла кор . Эки дуйно бактылуулугун бере гор оойимин.🤲
Имам Абу Ханифанын жана ханафий аалымдарынын омур баяндарында чыгарыныздар. Рахмат
Угуп алып ыйладым .
ﷲ أكبر ☪️☝️ماشاء الله جَزَاكَ ﷲُ خَيرْ ًا
Курандан кийинки эң чоң китепти жазган аалым биздин кошуна өлкөдөн чыккан. Демек бизденда чыкса болот экенда. Жаратканым биздин элденда Имам Бухаридей аалым, Шейх, аажыке, дааватчы Каарыке устаздарды көбөйтүп бер Ин Ша Аллах ушул кулундун канынанда чыгар.
Бул сөздөрдү укканда көзүнөн жаш чыгып кетет баарыбыздын жүрөгүбүздө ыйман инсап хидаят бер Алла Аллаху акбар!
Бейиш нуру каналыга чоооң рахмат дүйнөдө мусулмандар көбөйсүн
Имам Азамдын да өмүр баянын чыгарыңыздарчы
Аллахым сиздерге Аллахтын ыразычылыктары болсун ! Сабактарыныздарга чооон ыразычылык!!!
Аллах раазы болсун баарыбыздан
ОО АЛЛАХЫМ ! Биздин балдарга да пайдалуу илим, такыбалык берчи ...
Админ, ишиңизге ийгилик, өмүрүңүзгө береке берсин Аллахым, көп пайда алып жатабыз 👍👍👍
Динге мээнет кылуу бизге да насип кылсын
имам Бухари Аллахым сизден раазы болсун жана фирдаус жаннатын насип кылсын Мухаммад С.А.В га бейиште кошуна кылсын ооминь Аллаху Акбар!!!
Аллхамдулиллахх!☝️☝️🤲🤲
Сураныч сактоого мүмкүн кылып койуңуздарчы кайра кайра көргөнгө ыңгайлуу болсун
АЛЛАХЫМА ЧЕКСИЗ ШУГУР!!!
Аллох рози булсин
АЛЛАХЫМ ЫРААЗЫ БОЛСУН ТУУГАНЫМ.
Алхамдиллах ушундай ыйман нуру жуздорунон жанып турган жакшы адамдар менен баарлашуу ото чоон бакыт мен учун.
Аллху акбар
Аллах ишиңиздерди ийгиликтүү кылсын
Сахих аль Бухарий эн сонун китеп.Алла ыраазы болсун.
Рахмат Аллох рози болсин Амин 🤲🏻
АллахТаалама мактоолор шугурлор болсун АЛЛАХЫМ жалгызсын улуксун
Ушул Аалымдар менее замандаш Боло албай калдык Аллахым бейиште корсотсун
Азыр деле жакшы аалымдар бар. Азыркы аалымдар Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа с.а.в таанытып. Имамдар Ким болгонун таанытып аткан учун динден тушунугубуз болуп атат да. Алардын Ким экенин билип
@@user-oj8pl6qs4j албетте бир тууган العلماء ورثة الأنبياء аалымдар Пайгамбарлардын мураскорлору
Имам Ал Бухарийдин соогу Озбекстандын Самарканд облусу Пайарык району Хартанг деген айылга койулган экен
Аллаага Мактоолор болсун.п.а.м.Мухаммад с.а.мгаСалам дубалар болсун.
Рахмат👍👍
Аллага шугур
көздөн жаш кетти.
Ээ Рахмат ушунча маалыматты издеп таап бизге тартуулаганына
Аллаху Акбар Субхан Аллах Маша Аллах 🕌🕌🕌☪️☪️☪️🌙🌙🌙🤲🤲🤲☝☝☝👆👆👆👍👍👍✊✊✊⚖⚖⚖⏳⏳⏳🌍🔭💯💯💯❤❤❤🔥🔥🔥
Аллахыма шугур! Рахмат
Аллах ыраазы болсун Имам Бухариге, бизди да динге чын ыхлас менен кызмат кылган инсандардан кылсын.
Эн соонун айтылыптыр, автор сизге Аллах ыраазы болсун
Маашалла
Жаны жаннаттан болсун
Эн соонун укулукту!!! Дагы да онуго бериниздер, жолунущдар кенен чексиз болсун! Укканда конулун которулот!
Оллох сиздан рози булсин
Шедевр просто прелесть
Жаткан жери жаннаттан болсун
Аллахым ыразы болсун бул каналга
бейиш нуру коп чыгарсанар жакшы болмок
😓😓😓😓😓
Чоон рахмат👍👍👍👍👍
Машааллах субханаллах аллохуакбар.🤲🤲🤲🤲
😭😭😭😭😭😭😭😭Э Аллах таалам кечир озун кечир билип билбей кылган кунолорубузду ушул жалган дашоодо Э Алла кечир
Ассаллому алейкум ооо менин бир тууганым!!!Аллахым баарыбызга эки дуйнонун бактылуугун берсин ушул канал кундо видео чыгара берсин оомин🙏
😢😢😓❤
Альхамдулиллах
МааШааАллах, көзүмө жаш келип кетти
Аллаhу акбар, Аллаhy акбар
Аллоху Акбар эмне деген атактуу аалымдарды тарбиялаган
Жүрөккө тийген сөздөр! ДжазакаЛлаху хайран!
Аллахым кабырын нурдуу кылып, бейиш бакчаларынан кылсын, бизге да Имам Бухарийдей перзенттерди бере кор!!!
Аллах раазы болсун
Жазакаллох хойрон 😓😓
Оо жараткан Аллахга чексиз шугурлор болсун. Мухаммед САВ суйуктуу пайгамбарыбыз менен бейиште бирге болууну насип эт. Имам Бухарий сахабабыздай билимдуу илимдуу кыл.
Сахаба болгон емес
Аллаh ыраазы болсун сизге.
Шу каналга гап йук Оллох рози булсин бунданда зур материал ясап чикип юроврилар омат хамиша ер булсин омин ака сизи Оллох учун яхши курдим
Алахым ыйманы саламат болсун ушундай аалымдар емгек кылып кеткен динге биз келбей кызмат кылбай жатканыбыз окунучтуу балдарды тарбия кылалы.
Имам Бухарийнин китебин кайдан алса болот. Коп жылдан бери издеп ала албай жатам. Бишкекте эч кимде жок экен. Жардам бергиле.
Россиядан алдырсаныз болот.
@@jyparachotonova3049 Ассаляму алейкум эжеке кайсы тилде
СубьханАЛЛАХ кандай адамдар откон дуйнодон. Каналдын авторуна Аллах ыраазы болсун аминь🤲
Аллах бизге да дин учун омурубузду арнашка насип кыл.
Эң сонун китеп, хадистер далил менен жазылган.
Биздин да урпактардан ААЛЫМДАР чыкса экен аминь!
МаашаАллах!!! Маалыматты так берет экенсинер.
Ушундай улуу аталардын урпактары биз кайда баратабыз (((
Асалому алейкум Аллах разы олсун бу буюк хизметлеринызден. Ал Бухарый бухарага келеш кезынде 40 туеге артылган жазган сахих хадис китептерин жоготуб кояду чулде. Бирок бухарага келиб тагы жазады хадистеды. Арадан жилар утиб, бухарийга тегишерли китабдерин билиб хурмет курсетиб 40 туеге артылган сахих хадистерин бухарага жунетет. Лекин Бирок бухарий бул китептерин тагы жангадан жазады. Алимлар текшуруб курсе 1 та я 2 та хадис кам жазганын пакаб. Аллах берген памитга кайил калат.
😭👍
Машшалах
Ушулардын тиргилиги кантип откон биз тытынгаандан тытынабыз себеби эмнеде
Аллах жаннатий кылсын аалымыбызды
Аллаhу Акбар! Аллаhым бизди кечир жа Оз ырайымына ал!