"АК ШООКУМ" Сөзү, обону Ашыраалы Айталиев. Автордун аткаруусунда.

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 27 сер 2024
  • Өтөбөй уйку неченин,
    Дайрасын ойдун кечемин.
    Ажарың жүрөк жандырган,
    Ак шоокум сен деп сеземин.
    Көздөрүң алоо жаккандай,
    Каректе көп сыр жаткандай.
    Таасириң мынча сүйкүмдүү,
    Жайлоодон аткан ак таңдай.
    Тартасың ойду жеңесиң,
    Тартылып көзгө кэлесиң.
    Айламды кандай кыламын
    Ээрчитип алды элесиң.
    Карагым келип дембедем,
    Каксаң да каалап сен дегем.
    Бүт тартып алган эркимди,
    Бүткөнсүң айтчы эмнеден.
    Сен турган кыштак жаркырап,
    Көңүлдө элес калтырат.
    Эзбесең боло жүрөктү,
    Эчаккы өчүң барчылап.
    Көрбөсөм көңүл жайланбай,
    Көп ишим унут калгандай.
    Жаныңда турсам жарым саат,
    Ошол күн мага майрамдай.

КОМЕНТАРІ • 21

  • @user-bd1nb4js8l
    @user-bd1nb4js8l 5 місяців тому +4

    Кайран гана кишилер жаш убагында суроту экен БЕЙИШИН БЕРСИН ЫРЛАРЫ КЫЛЫМГА ЖАШАЙ БЕРСИН..

  • @user-fb7us1py8f
    @user-fb7us1py8f 4 місяці тому +2

    Ото жакшы акын эле эле жүзүндө нуру бар 😊 ырлары маанилүү

  • @user-ue5gk9fe1i
    @user-ue5gk9fe1i Рік тому +5

    Керемет керемет ун азыр мындай ыр жок ох жалган дуйно .

  • @shaimkhanissaeva7708
    @shaimkhanissaeva7708 2 роки тому +7

    Ой!Кандай керемет ун,кандай ауен!Жаныныз жанатта болсын 🙏

  • @DjjdhdhHdhejfhf-bh4tq
    @DjjdhdhHdhejfhf-bh4tq 25 днів тому +1

    Очтогон олбогон таланттар !

  • @user-mu8sx1cr5f
    @user-mu8sx1cr5f Рік тому +3

    Не деген талант.

  • @ulansarmatov1060
    @ulansarmatov1060 3 роки тому +5

    Кайран Ашыкебиздин жаш курагы экен го.

  • @user-wi1bn7yb8q
    @user-wi1bn7yb8q 3 роки тому +5

    Чалкыган дениздей, журокту толкутат ко ырлары .

  • @user-bn7gg3sg8j
    @user-bn7gg3sg8j 2 роки тому +3

    Сонун ыр!

  • @umarstanov7129
    @umarstanov7129 3 роки тому +5

    Супер...соз жок..

  • @user-tp1bk8nk4b
    @user-tp1bk8nk4b Рік тому +2

    Тендеши жок таланттар болуп кала берет го булар Керемет!!!

  • @silverblack1816
    @silverblack1816 Рік тому +2

    Иий-й Атам ырдап калчуле ушу ырды....😢

  • @user-yz7xd3yf5g
    @user-yz7xd3yf5g 3 роки тому +5

    кайран ашыкем

  • @user-ib9cc7xq2z
    @user-ib9cc7xq2z Рік тому +3

    Бул ыр жаралганда Мадиева туула элек болчу

  • @user-kx4gr6rw1n
    @user-kx4gr6rw1n 8 місяців тому +1

    Бул ырды Ашыкем Токольдоштун имамы Субаналы атабыздын кемпири Шоокум энебизге арналган.
    Субаналы атабыз, Шоокум энебизда табиятынан сулулуу адамдар эле.
    Коруп калдым бала кезде.

  • @user-xq4si9os4g
    @user-xq4si9os4g 2 роки тому +4

    Анара Мадиевага чыгарган бул ырды ыраматылык жаткан жерин жайлуу болсун

    • @user-vv1uc5pf6b
      @user-vv1uc5pf6b 2 роки тому

      Бул Акыныбыз Каяктын Кулуну эле

    • @user-fk4tg4xi7m
      @user-fk4tg4xi7m 2 роки тому

      @@user-vv1uc5pf6b Чүй

    • @wermnewermne9601
      @wermnewermne9601 Рік тому

      Сен кайдан билесин Анарага арнаганын ?

    • @wermnewermne9601
      @wermnewermne9601 Рік тому

      @Тургунбек Садыков айланайын , Мадиева кызындай болуп турса делеби ?

    • @bishkekbishkek3226
      @bishkekbishkek3226 Рік тому

      ​@@user-vv1uc5pf6bЧуй элинин Жылдызы