Түлөө - спикер Мелис Мураталиев

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 25 сер 2024
  • КӨСӨМДӨРДҮ, ЭРЛЕРДИ, БИЙЛЕРДИ ДАӉАЗАЛОО!
    Ар элдин, улуттун басып өткөн тарыхый жолу бар. Анын келечеги өткөнү менен киндиктеш. Кыргыздар жөн гана байыркы эл эместигин мезгил көрсөттү. Бүтүндөй оомалуу-төкмөлүү жашоосунда кыргыз эли бирде бийиктеп, ааламга даңкы тарап, түптөгөн Каганаты, Улуу Дөөлөтү менен коңшу элдерди суктандырса, бирде пастап, көз каранды турмуш сүрүүгө аргасыз болгон күндөрдү да башынан өткөрүп келген.
    Ошондой кыйчалыш кырдаалдарда улуттун уюткусун жоготпой, кайрадан баш көтөрүп, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, элге азаттык алып келген, Мекенди баскынчылардан бошоткон, элдин башын кошуп мамлекетти түптөгөн кыргыздын не бир асыл жандары карт тарыхыбызда өчпөс жылдыздардай орун алып келет. Алардын кылган кызматы, түптөп кеткен нарк-дөөлөттөрү, калтырып кеткен акыл-казынасы болбосо, бүгүн биз эркин эл болуп, эгемен мамлекетте жашайт белек, ким билет…
    Кыргыздын көсөмдөрү, эрлери, бийлери (баардык эле бийлер эмес) жоктон бар кылып, элдин биримдигин, Мекендин бүтүндүгүн бизге мурастап калтырышса, бүгүн биз бар байлыкты курутуп, элдин биримдигине бүлүк салып, Мекенибизди четинен кертип кемите баштадык. Бабаларыбыздын эмгегин баалабадык.., биздин азаттыгыбыз үчүн курмандыкка чалынган кырчын өмүрлөрдүн баасын билбедик.., эмне болуп баратабыз,.. аттиӊ, арман!..
    Учурунда жанган жылдыздай элге жарык чачкан көсөмдөрүбүздүн, эрлерибиздин (баатырдын баары эле эр болбойт), бийлерибиздин тарыхый ордун жана алардын баасын аныктай алдыкпы?!.
    Эгерде аныктап алсак, анда учубуз уланып, муундардын байланышы бекемдеп, жолубузду түздөп кетет элек.
    Мына ушул улуу максатты көздөп, кыргыздын асыл жандарын даӊазалап, аруу тилек тилеп, келечегибизге кам урууга чакырабыз!!!
    Көп түкүрсө көл болот.
    Жакшы тилек жарым ырыс.
    Элдин тилегинен өткөн күч болбойт.
    Элдин биримдигинен жана Мекендин бүтүндүгүнөн өткөн байлык жок.
    Учурдагы жагдайга караганда бет алган багыт өтө маанилүү.
    Ойлон, кыргыз, ойгон!
    20-августта касиеттүү Ысык-Көлүбүздүн жээгинде, Тосор айылында өтө турган «КӨСӨМДӨРДҮ, ЭРЛЕРДИ, БИЙЛЕРДИ ДАӉАЗАЛОО» элдик түлөө-жыйынына келип, салым кошуп, келечекке кызмат кылалы!!!
    Бар бололу, бир бололу!!!
    Иш-чаранын демилгечиси: «Бакдөөлөт» коомдук фонду,
    Колдоочулары: «Саякбай манасчы» коомдук фонду, «Тосор коому» коомдук бирикмеси.
    Катышуу шарты: элдик түлөөгө салым кошуу.
    Байланыш: 0700144820 (WhatsApp).

КОМЕНТАРІ •