Алмаз Атамбаев сот залындагы айнек тосмону тепкилегендиктен сот аны залдан чыгарып жиберди
Вставка
- Опубліковано 7 кві 2022
- Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумдарга катыша албай турганын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылды.
8-апрелде 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча кылмыш ишин караган соттук жараян учурунда үч грыжасы бар экенин, отура албай турганын айтып айнек тосмону тепкиледи.
"Мени судья сотко катыштырбайт деп ишенем, анда ушундай укук бар. Өмүр бою кескиле мени, бирок мени кыйнап, шылдыңдоону токтоткула", - деди Атамбаев.
Мындан кийин аны сот залынан алып кетишти.
Буга чейинки соттук жараян учурунда Атамбаев өзүн жаман сезип, аны "Тез жардам" унаасы алып кеткен.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге "Батукаев иши", Кой-Таш окуялары, Октябрь окуялары боюнча, мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү деген айыптар тагылган.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды. Калган иштер боюнча сот уланууда.
Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатат.
Алмаз шаршеновичтикиндей журогу тоо Адам сейрек кездешет Дух вагонда Аллахым Куч Кубат берсин
Жакшыбы жаманбы убагында биздин президент болгон. Камап туура эмес кылдык. Уй камагына чыгарып сурай берсек да болот эле
А.Ш.А кто отвечает за Дача Суу идиоты...,а когда другие сидели тебе хорошо была же
Малды койлор ерчип алыптыр тепкилесе кол чаап колдоп
Атамбаевден оч алууну токтоткула! Бир да эстуу олко мындай кылбайт! Палачтан жаман бийлик! Маданияты жок бийлик! Атамбаевди бошоткула!
Клоун артис
УШУНДАЙ КОК МИЕНИ КАНТИП БИЛБЕЙ ПРЕЗ-Т КЫЛЫП 6 ЖЫЛ ТАЖАТМА СОЗДОРУ М Н ЧЫДАДЫК ЭКЕН ТАН КАЛЫШТУУ ЗООКУРГО. КИМ БОЛБОСУН МЫЙЗАМ БИРДЕЙ. ОМУРУНУН АКЫРЫНА ЧЕЙИН КАМАЛСЫН, ЖООП БЕРУУЧУ ИШТЕРИ ТОЛТУРА КАМАЛСЫН.
Андай дебе Билимдуу президент болгон.
Алтынай бокту жепсин чимкирик
Клоун алкаш