Дубанын кабыл болбоосунун 10 себеби
Вставка
- Опубліковано 27 вер 2024
- Дубанын кабыл болбоосунун 10 себеби
Ибрахим бин Адхам Басра шаарындагы базарлардын бирөөсүндө баратса элдер жыйналып: «О Ибрахим! Алла Таала Куранда: «Мага дуба кылгыла, дубаңарды кабыл кылам «- деп убада берген. Биз көп убакыттан бери дуба кылабыз бирок, дубабыз кабыл болбой жатат. Анын себеби эмнеде? - деп сурашты.
Ибрахим Адхам: «О Басра эли! Он нерсе себебинен жүрөгүңөр катып калган. Ошол себептен дубаңар кабыл болбойт»- деп жооп берди.
1. Алланы тааныйсыңар бирок, буйруктарын аткарбайсыңар.
2. Куранды окуйсуңар бирок, ага амал кылбайсыңар.
3. Пайгамбарды сүйөм дейсиңер бирок, сүннөттөрүнө ээрчибейсиңер.
4. Шайтанды душманыбыз дейсиңер бирок, шайтандын жолун жолдойсуңар.
5. Бейишке кирүүнү эңсейсиңер бирок, бейишке алып баруучу амалдарды аткарбайсыңар.
6. Тозоко түшүп калуудан коркосуңар бирок, өзүңөрдү-өзүңөр тозоко ыргытасыңар.
7. Өлүм акыйкат дейсиңер бирок, ага даярдык көрбөйсүңөр.
8. Мусулман бир туугандарыңардын кемчиликтерин издейсиңер бирок, өзүңөрдүн кемчиликтериңерди көрбөйсүңөр.
9. Алланын неймат кылып берген ырыскысын жейсиңер бирок, шүгүр кылбайсыңар.
10. Өлүктөрүңөрдү көмөсүңөр бирок, андан ибрат сабак албайсыңар.
Менин дуаларым ар дайым кабыл болуп жатат. Альхамдулиллях Аллахга чын ыхлас менен дуа кылыш керек. Видеодо эн туура айтылган
Ооо Аллахым ата-энемдин бир туугандарымдын өмүрүн узун узун кыла көр 🤲🤲🙏🙏🙏 Аллахыма чексиз шүгүрлөр болсун 🤲
Аллага шугур озун колдо Аллахым
Акыйкат Аллах ыраазы болсун
Амин
Рахмат
Аллхамдуиллах
Ассаламу алейкум
Аллхамдулиллаах
Аллхамдулиллаах
Аллхамдулиллаах
менин дубам кабыл болбойтат кантип кылыш керек же тура окубайтамбы намазды
Ээ музыка болбой калыптыр Аллах тууралуу суйлогондо музыканарды очуруп эле кылсанар болбойбу силердин унунордон музыканын уну бийик тооба мен мисалы масала уккандай болбодум
🌙🕌☪️🤲🤲🤲🙏⏳💯✊👍👆☝🔥💥Астагфируллах Астагфируллах Астагфируллах Астагфируллах Астагфируллах Астагфируллах Астагфируллах Аллаху Акбар Субхан Аллах Маша Аллах
Оомиин
Алла ыраазы болсун
не тууру
Галдыбайев Баатырбек не тууру эмес дейсин .Аллах ыйман ынсап берсин.Бул айтылган сөздөр туура .
Тура айтат Аллах инсап берсин