Корпоративдик духун чыңдоо "Эти Бакыр Терексай" спартакиадасы

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 27 вер 2024
  • Кыргыз-турк “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын профсоюзу компаниянын администрациясы менен биргелешип жыл сайын ишкана кызматкерлеринин корпоративдик духун чыңдоо максатында спартакияда өткөрүлөт. Бул жылы да спорттук оюндар жумушчуларга стимул катары компаниядагы профсоюз комитетинин уюштуруусунда болуп өттү.
    Компаниядагы ар бир участоктон мыкты кызматкерлерге металлург күнүнө байланыштуу грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
    Быйыл объективдүү себептерге байланыштуу Металлургдардын күнүнө арналган спорттук мелдеш сентябрь айында өткөрүлдү. Бирок уюштуруучулар - ишкананын профсоюз уюму, дисциплинанын түрлөрүн кеңейтип, спорттун көптөгөн түрлөрү боюнча оюндарды өткөрүштү.
    Атаандаштыктын оюндарына карабастан, адаттагыдай эле, кен казуучу компаниянын кызматкерлерин бириктирген достук маанай өкүм сүрдү.

КОМЕНТАРІ •