Cагынуу - Гүлнара Өмүрзакова, Мейликан Темирова | Рыспай Абдыкадыров | Улуттук филармония.
Вставка
- Опубліковано 12 вер 2024
- "Сагынуу"
Аткаруучулар: Улуттук филармониянын солистери: Гүлнара Өмүрзакова жана Мейликан Темирова.
Дирижер: Бексултан Маматкулов .
Биздин каналда оркестрдин коштоосунда жана музыкалык аспаптар менен жандуу үн менен ырдалган ырларды жүктөп турабыз.
Улуттук филармония: / filarmoniia_kg
УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯНЫН, НУРДИН ТҮГӨЛОВ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК «АК-МАРАЛ» БИЙ АНСАМБЛНИН ОРКЕСТРИ
Сөзү : К.Ташбаевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Бүркөк асман жарк дегенде чагылган,
Байкоосуздан жалыңа кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.
Азыр мен да ойлоп сени жатамын,
Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан.
Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге олтурчу убактар.
Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу,
Алыс калды алма жыттуу турактар.
Чертчү эле го түгонбогөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.
Карай берип канча жолу камыктым,
Эстей берип жүрөгүмдү сагынттың.
Асылкечим, келчи менин жаныма,
Издей берип бүт денемди талыттың.
Кадимкидей кучак жайчы жадырап,
Качан болсо мен сен үчүн жарыкмын.
Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым мен жолукчу күн ай башын.
Мурункудай күтүп жатам азыр да,
Булбул куштун терезеден сайрашын.
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги асылкечим кайдасың?
#кыргызстан #кыргызчаырлар #бишкек #жаныклип #концерт #ош #улуттукфилармония
Керемет ундор , жашасын без фонограмма ырлар❤🎉
Азаматсынар жандуу ун кандай жагымдуу угулат рахмат оркестрга да
керемет кандай сонун аткаруу
Акыркы аянтта болгон аткарууларды кутобуз! Озгочо Ырыскелдинин.
Азаматсынар! 👏👏👏👏👏👍👍👍👍👍
Акыркы аянтта болгон аткарууларды кутобуз! Озгочо Ырыскелдинин
Бравооо ❤❤❤
Браво ❤